Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-апрели № 29
Жайыт комитетинин төлөмдөрүн жөнгө салуу жөнүндө
Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн 2017-жылга жайыт жерлеринин төлөмдөрүн жөнгө салу жөнүндөгү маселени карап талкуулап чыгып Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Марказ айыл аймагындагы жайыт жерлердин төлөмдөрү мурдагы күчүндө калтырылсын.
Бодо мал үчүн 120 сом
Жылкылар үчүн 150 сом
Майда малдар үчүн 35 сом
2. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча иш алып баруу жайыт комитетинин төрагасы П. Касымовко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл суу чарбасын төйлөө жана жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Шамшиев |