Загрузка документа…
АТБАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-февралы № 20
«Айыл чарба жерлерин бөлуштүрүү фондунун ижарасынын баасын жана лоттун кадамын бекитүү»
Атбашы а/а башчысы Алтыкеев Х . Айыл чарба жерлерин бөлүштүрүү фондунун ижарасынын баасын жана лоттун кадамын бекитүү боюнча жана аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып Атбашы айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жерлерин бөлүштүрүү фондунун баасы бекитилсин
1. сугарылбаган жерлер- 1500 (бир миң беш жүз сом)
2. сугат жерлер-3000 (уч миң сом)
3. көп жылдык бак-дарактар-2500 (эки миң беш жүз сом)
4. чабынды жерлер -1500(бир миң беш жүз сом)
2. Айыл чарба жерлерин бөлүштүрүү фондунун ижарасынын баасы жана лоттун кадамы каралып чыксын
1. кадам сугат жерлер-200 (эки жүз сом)
2. сугарылбаган жерлер- 100 ( жүз сом)
3. көп жылдык бак-дарактар-200 (эки жүз сом)
4. чабынды жерлер -100( жүз сом)
Төрага | М.Абдыкеримов |