Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-июлу № 7
Кадамжай шаарынын Сары-Талаа участкасындагы эгиндерге түшкөн чегирткелерди химиялык жол менен арытуу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Талаа участкасындагы эгиндерди химиялык жол менен арытуу үчүн түзүлгөн сметанын негизинде жергиликтүү бюджеттен акча каражаты ажыратылып берилсин. (смета тиркелет)
2. Аткарылган жумуштардын жыйынтыгы боюнча шаардык кеңешке маалымат берүү жагы шаардын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин каржы, бюжет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Кудайбергенов |