Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-июлу № 9
Кадамжай өндүрүштүк пайдалануучу коммуналдык турак жай чарбасынын кайрылуусу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай өндүрүштүк пайдалануучу коммуналдык турак жай чарбасынын короосунда турган 150 метр (Ф диаметри 300 мм) трубаларды сатууга уруксат берилбесин.
2. Жогорудагы трубалар таза суу долбооруна иштетилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюжет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Кудайбергенов |