Загрузка документа…
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-апрели № 7
Кууганды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Эмчек айылынын кире беришине курулуучу Арканын документтерин жасоого керектелүүчү каражаттар айыл өкмөтүнүн бюджетинен каралсын.
2. Таза-Суунун 2016-жылда аткарган иштери тууралуу отчету толук эместигине байланыштуу кийинки сессияга калтырылсын.
3. 1) Айыл аймагын жарыктандыруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин;
2) Керектелүүчү каражат бюджеттен каралсын;
3) төлөмүн элден чогултууну уюштуруп, төлөнүүсүн көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Жайыт комитетинин отчету толук эместигине байланыштуу кийинки сессияга калтырылсын.
5. Айыл тургундарынан Кеңешке түшкөн арыздарды карап, жооп берүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Э.Тайтекеев |