Загрузка документа…
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-апрели № 8
Кууганды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таза-Суунун 2016-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын жана 2017-жылга бюджети бекитилсин .
2. Жайыт комитетинин отчету канааттандырарлык деп табылсын жана 2017-жылга бюджети бекитилсин .
3. Үч-Эмчек айылынын Карамолдо көчөсүнүн батыш тарабындагы дүкөндөр жайгашкан жерлердин айланалары муниципалдык менчикте калтырылсын.
3.1. Үч-Эмчек айылынын Карамолдо көчөсүнүн батыш тарабындагы жалпы аянты 80 м2 жер участогу Кууганды айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги болуп мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөгөн) пайдалануу укугу берилсин.
3.2. “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” Типтүү Жобонун талаптарына ылайык жогоруда көрсөтүлгөн жалпы аянты 80 м2 жер участогун сатуу айыл өкмөтү тарабынан уюштурулсун.
3.3. Жер участокторун менчик же ижарага берүүгө байланыштуу кызматтарга акы төлөөгө байланышкан чыгымдарды айыл өкмөтү көтөрсүн.
4. Бала бакчанын астындагы тоскоолдук жаратып жаткан теректерди кыюуга айыл өкмөт башчысына уруксат берилсин..
4.1. Кууганды айыл аймагында “ Кууганды органикалык аймагы” уюштурулуп, органикалык аймакка өткөрүлсүн.
4.2. Кууганды органикалык аймагын каттоого алуу жана өткөрүү боюнча тиешелүү иш-чараларды уюштуруу жагы Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жолдошовго тапшырылсын.
4.3. Кууганды айыл аймагы Органикалык аймак болуп жарыялангандыгы тууралуу маалымат райондук массалык-маалымат каражаттарында чагылдырылсын.
Төрага | Э.Тайтекеев |