Загрузка документа…
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-майы № 9
Кууганды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Каимов атындагы орто мектебинин бүгүнкү күнгө чейин жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Таза суу ичүүчүлөр боюнча тактоолордон кийин, чогултулбай калган 54 000 сом 2017-жылдын бюджетине киргизилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн балансында турган социалдык объектилердин абалын депутаттык туруктуу комиссиянын атайын соц.объектилер боюнча өкүлдөрүнө акты түзүп, тактап келүү жагы милдеттендирилсин.
4. Кууганды айыл өкмөтүнүн уюштуруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында жана 2011- жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 21,31 - беренесинин негизинде Талас облусунун Талас районунун Кууганды айылдык аймагынын «Кууганды айыл өкмөтүнүн» Уставы кыргыз тилинде жаңы редакцияда бекитилсин.
4.1. Кууганды айыл өкмөтү тийиштүү мамлекеттик органдардан мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
4.2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Жолдошов Адилет Айдарбековичке жүктөлсүн.
5. Балдар бакчасын эмерек менен жабдуу долбоорунун 50 000 сом өздүк салымын айыл тургундарынан чогултуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
6. Накаев Мусанын арызында көрсөтүлгөн жер жашылдандырууга берилбесин.
7. Энгельс тараптагы Шаршен көчөсүнүн башындагы суу чыгып жаткан жерлерге дренаж каздыруу боюнча комиссия акты түзүп, МЧСке кайрылуу катка тиркеп жөнөтүү, ал эми айыл жашоочуларынын атынан акимге, МЧСке кайрылуу кат жөнөтүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
8. Айылдык ФАП жетекчисине имараттын алдындагы теректерин кыйдырып, көмүркана салууга уруксат берилсин.
9. Осмоналы көчөсүнүн тургундары тарапка ичүүчү суу алып барып берүү боюнча келишим түзүп, иш жүргүзүү жагы ИСКАКБ “Таза суу” жетекчиси Н.Тайжановго милдеттендирилсин.
Төрага | Э.Тайтекеев |