Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-январы № 3
1-январь 2017-жылдын башына калган калдык акчаны кароо жөнүндө
Депутаттардын Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-тал айыл аймагынын бюджетинин аткарылышы боюнча 1-январь 2017-жылга карата калган калдык акча каражатынан Жалгыз-Терек айылындагы 225 орундуу Р. Усубалиев атындагы орто мектептин жана Жерге-Тал айылындагы ДОЦтун жылуулугун камсыз кылуу үчүн ст. 2224 1100-54 000 сом бөлүнүп берилсин.
Статья 2224 1100- 54 000 сом
2. Каралган акча каражатын жогоруда көрсөтүлгөн статья боюнча бөлүп берүү жагы Нарын райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р. Амановага милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилсин.
Төрага | А. Өмүров |