Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-январы № 4
«Жерге-Тал айылынын тургундарынын ичүүчү суу менен камсыз кылууда тарифтик ставкасын бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн 13-март 2017-жылындагы сунушун кароо жөнүндө»
Жерге-Тал айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн таза суу боюнча тарифтеринин стафкасы төмөндөгүдөу болуп бекитилсин.
2 Жерге-Тал айыл аймагынын Жерге-Тал айылынын тургундарынын ичүүчү суу пайдаланган тургундарына ай сайын ар бир жанга 10 сомдон төлөшсүн.
3. Үйлөрүнө ичүүчү суу киргизген тургундарына айына жан башына 20 сомдон төлөшсүн
4. Жеке менчик таза суу киргизилген мончолоруна ай сайын 100 сомдон төлөшсүн.
5. Үйлөрүнө ичүүчү суу киргизген тургундар ашкере суу пайдаланган учурда комиссиянын негизинде 1-2- жолу административдик укук бузуулар боюнча жобосуна ылайык айып пул салынсын 3-жолу кармалган учурда суу түтүгүн кесүү менен чектелсин.
6. Ичүүчү сууну мыйзамсыз, уруксааты жок киргизген жарандарга КР өкмөтүнүн «Граждандык» « Административдик жоопкерчилик жөнүндө» Кодекстеринин «Таза суу жөнүндө» «Керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, административдик укук бузуулар боюнча жобосунун негизинде айып пул салынсын жана суу көзөмөлдөөчү башкы сантехниктин уруксааты,көзөмөлү менен суу киргизүүгө уруксаат берилсин.
7. Сууда иштеген жумушчуларга ай сайын айлык маянасын 5000 сомдон бекитип берүүгө.
8. Үйлөрүнө суу киргизген жарандарга уруксаат алгандарга алдын ала 5000 сом өлчөмү бекитилсин
9. Бул чогултулган акча каражаты ремонтко, эмгек акыга жана башка чыгымдарга жумшалсын, эсеп кысап жагы ФЕБ башчысына милдеттендирилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин
11. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jergetal naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
төрага | А.Өмүров |