Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-марты № 01-05/08
Немат уулу Жайнак жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэри Жумаев Алтынбек Токтомуратовичтин вице-мэр кызмат ордуна талапкер Немат уулу Жайнакты вице-мэр кызматына дайындоого макулдук берүүгө жазган макулдашуу катын талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 44-беренесинин 1-пунктунун 3-пункчасын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэри Жумаев Алтынбек Токтомуратовичтин вице-мэр кызмат ордуна талапкерди дайындоого макулдук берүүгө жазган макулдашуу каты эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын вице-мэр кызмат ордуна, Немат уулу Жайнакты дайындоого шаардык Кеңештин макулдугу берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кочкор-Ата шаарынын мэри Жумаев Алтынбек Токтомуратовичке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | М.А.Сыдыков |