Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-марты № 01-05/09
Кочкор-Ата жылуулук камсыздоо мамлекеттик ишканасын муниципалдык менчике өткөрүү сунушун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-январындагы «Кыргызтуракжайкоммунбирлик» мамлекеттик ишканасынын балансында турган Кочкор-Ата жылуулук камсыздоо ишканасын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүү боюнча протоколдук тапшырмасын Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик комитетинин 2017-жылдын 24-февралындагы катын талкуулап, шаарларга жылуулук менен жабдууну уюштурууну субсидиялоо каралбагандыгын жана Кочкор-Ата жылуулук камсыздоо ишканасынын жылына чыгаша зыяны бир нече миллион сом сумманы түзөөрүн, Кочкор-Ата шаарынын аймагында Республикалык бюджеттен каржыланган аймактык оорукана жана Н.Исанов атындагы жатак гимназия мектебинин жылуулугун каржылоо эске алынбаганын шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын кортундусун угуп, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 6-статьясын жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 20-беренесинин 3-пунктун жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жыл башында, жылуулук ишканасынын иш-милдеттерин каржылоо, Кочкор-Ата шаардык жергиликтүү бюджеттен акча каражаты каралбагандыктан Кочкор-Ата жылуулук камсыздоо ишканасын, шаардык мэриянын балансына өткөрүп алуу мүмкүн эместиги белгиленсин.
2. Республикалык бюджеттен каржыланган аймактык оорукана жана «Н.Исанов» атындагы жатак гимназия мектебинин жылуулугун каржылоо Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик комитетинин катында көрсөтүлбөгөндүгү белгиленсин.
3. Кочкор-Ата жылуулук камсыздоо ишканасын шаардык мэриянын балансына өткөрүүдө, жылуулук менен жабдууну уюштурууда республикалык бюджеттен каржылоонун жол-жобосу Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 20-беренесинин 3-пунктунун редакциясында көрсөтүлгөн зарыл болгон каржылоо булактары аныкталбагандыгы белгиленсин.
4. Тийиштүү мамлекеттик органдарга токтомдун нускасын жеткирүү, шаардын мэри А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү, шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | М.А.Сыдыков |