Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-марты № 01-05/10
Досматова Насиба Ахматкуловнанын 2016-жылдагы 12 (он эки) айлык отчетун угуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы, Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын башкы эсепчиси Досматова Насиба Ахматкуловнанын 2016-жылда аткарган иштери боюнча отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренелерине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын башкы эсепчиси Досматова Насиба Ахматкуловнанын 2016-жылда аткарган иштери боюнча берген 12 (он эки) айлык отчету «канааттандыраарлык» деп табылсын.
2. Шаардык Кеӊештин депутаттары тарабынан белгиленген кемчилдиктерди жоюу Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын башкы эсепчиси Досматова Насиба Ахматкуловнага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы-экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | М.А.Сыдыков |