Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-марты № 01-05/14
2017-жылдын жыл башында калган калдык акча каражатын кароо жана бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын аймагындагы жайгашкан билим берүү мекемелеринин (Н.Исанов жатак гимназия мектебинин, № 14 орто мекетебинин, № 15 орто мекетебинин жана № 28 орто мекетебинин) мугалимдерине коммуналдык чыгымдарын 2017-жылдын 01-январына жыл башында калган калдыгынын эсебинен төлөө максатында талкуулап, Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексинин 44-беренесин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесин жана шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы-экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы-экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Мамадияровдун маалыматы эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын 01-январына жыл башында калган калдыгы 28 986 785(жыйырма сегиз миллион сегиз жүз токсон сегиз миң жети жүз сексен беш) сом өлчөмүндө № 1-тиркемеге ылайык түзүлүп бекитилсин.
3. № 1-тиркемеге ылайык бюджеттин 2017-жылдын 01-январына жыл башында калган калдыгынын эсебинен шаардагы орто мектептердин мугалимдеринин коммуналдык чыгымдары үчүн ар бир мугалимге бир жылга бир жолу 4000 ( төрт миң) сомдон акча каражаты төлөнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана 2017-жылдын 01-январына жыл башында калган калдык акча каражатын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдалануу жагы Кочкор-Ата шаарынын мэри А.Т.Жумаевге жана мэриянын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы-экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | М.А.Сыдыков |