Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын7-марты № 01-05/15
Жергиликтүү бюджетин 2017-жылга бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиянын 2017-жылга жергиликтүү бюджеттин түзүлүшү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик Кодексинин 78-89-102 жана 117-беренелерин жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылга Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү № 1 жана 1/1-тиркемеге ылайык 75 357 000 (жетимиш беш миллион үч жүз элүү жети миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2017-жылга Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү № 2 жана 2/1-тиркемеге ылайык 75 357 000 (жетимиш беш миллион үч жүз элүү жети миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. 2017-жылга шаардык жергиликтүү бюджеттин чыгашалары Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасындагы бюджеттик Кодексинин 51-беренесин ылайык корголуучу чыгаша чыгымдарын жана коммуналдык чыгымдарын эске алуу менен пландаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 Кыргыз Республикасындагы бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын көлөмүнүн 1% өлчөмүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун резервдик фонду № 3-тиркемеге ылайык түзүлүп бекитилсин.
5. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын жана шаардык Кеңештин аппарат кызматкерлеринин бир жумуш күнүнө 250(эки жүз элүү) сомдон акчалай компенсация төлөп берүү № 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексинин 106-беренесине ылайык, жергиликтүү бюджеттин 2017-жылдын жыл башында калган калдыгынын эсебинен 2017-жылдын 01-январына карата 30 000 (отуз миң) сом кассалык накталай акча каражаты белгиленсин.
7. Жаш өспүрүмдөр спорт мектебинин окуучулары Кыргыз Республикасынан тышкары чет өлкөгө спорттук мелдештерге катышууга сапар чыгымы № 5-тиркемеге ылайык 919 700 (тогуз жүз он тогуз миң жети жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Кочкор-Ата шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында каралган акча каражаты № 6-тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин.
9. Коомдук алдын алуу борбордук мекемесинин Кеңешинин мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 25-июнундагы «Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө» № 82 Мыйзамынын 14-беренесин жетекчиликке алып, коомдук иш-чараларын жүргүзүүгө материалдык жана башка жардамдар, акчалай сыйлоолор № 7-тиркемеге ылайык бекитилип шаардык мэриянын түрдүү чыгымдарынын эсебинен мыйзам чегинде жүзөгө ашыруу шаардын мэри А.Т.Жумаевге жүктөлсүн.
10. Жаш өспүрүмдөр спорт балдар мектебинин окуучуларын республикалык жана областык спорттук мелдештерге, мэриянын аппарат кызматкерлерин, шаардык Кеңештин депутаттарын, коомдук уюмдун мүчөлөрүн маданий иш чараларга өлкө аймагында ташууга кызматтык микроавтобус (бусик спринтер) сатып алууга бөлүнгөн 1 410,0 миң сом акча каражаты № 8 тиркемеге ылайык бекитилсин.
11. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана жергиликтүү бюджетти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдалануу шаардын мэри А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
12. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | М.А.Сыдыков |