Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-марты № 01-05/18
Кочкор-Ата шаарынын аймагындагы жер тилкелерине чектөө киргизүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэри А.Т.Жумаевдин Кочкор-Ата шаарына Тоскоол-Ата токой чарбасынын балансындагы 206 га жер аянтынын трансформациясы чечилгенге чейин шаардын аймагындагы жер тилкелерин жеке менчике турак жай куруу үчүн берилбестиги белгиленсин деген сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-41-беренелерин жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин № 18-беренесин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэри А.Т.Жумаевдин сунушу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата токой чарбасынын балансында турган 206 га жер аянтынын трансформация маселеси жана шаардын генералдык планы даярдалып бүткөнгө чейин шаар аймагынан жеке турак үй курууга жана коммерциялык максаттагы курулуш иштерине шаар аймагынан жер тилкелерин ажыратуу убактылуу токтотулсун.
3. Ипотекалык көп кабаттуу турак жайларды жана коомчулуктун зарылчылыгына жараша социалдык тармактагы курулуштарды курууда ушул токтомдун 2-пункту колдонулбайт.
4. Ипотекалык көп кабаттуу турак жайларды жана социалдык тармактагы курулуштарды куру иштери Кочкор-Ата шаарынын мэриясына караштуу «Жер аянттарына укук берүү» комиссиясынын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | М.А.Сыдыков |