СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VI чакырылышы) кезектеги II сессиясы
2017-жылдын 23-январы № 3
Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча 2011-жылдын 12-августундагы Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 49-беренесинин 3-пункутуна ылайык жана Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын протоколуна негиз Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңештин V I чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын протоколу бекитилсин.
2. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча копчулук добушка ээ болгон Козуев Кудайберди Эрдовлатович Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлансын.
Төрага | Р.Артыкбаев |