Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-февралы № 8
Суу-Башы айыл өкмөтүндө таштандыларды ташып чыгаруу боюнча жыйымдын нормасын белгилөө жөнүндө
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында таштандыларды ташып чыгаруу боюнча жыйымдын нормасын белгилөө боюнча Суу-Башы айылдык Кеңештин VI чакырылышынын кезекcиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмү бир түтүнгө 30 сомдон кабыл алынсын.
2. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан ишканаларда эмгектенген ар бир кызматкерге таштанды ташып чыгаруу жыйымдын өлчөмү 100 сомдон кабыл алынсын.
3. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн салыктарды өз убагында жыйноону уюштуруу,пландарды аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык Кеңештин алдындагы бюджет жана экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Артыкбаев |