Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-февралы № 9
Суу-Башы айыл өкмөтүндө мүлк жана жер салыгын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 31-статьясынын 3 болумунун жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү” 17-октябрь 2018-жылдын № 231 мыйзамынын 3-бөлүмүнүн негизинде Суу-Башы айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси К. Акмталиевдин билдирчүүсүн угуп жана талкуулап Суу-Башы айылдык Кеңештин V чакырылышынын кезектсиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 1-январынан Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында төмөнкү салыктар ишке киргизилсин:
-Мүлк салыгы 1,2,3,4 топтогу
-Бардык жер салыгы .
-Ыктыярдуу жана милдеттуу турдогу патенттерди киргизуу
2. Ушул токтомдун 1 пунктунда көрсөтүлгөн салыктарды администрациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 413 токтому менен бекитилген убактылуу жобонун негизинде ишке ашырылсын.
3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Суу-Башы айылдык Кеңештин алдындагы бюджет жана экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Артыкбаев |