Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 9-февралы № 10
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында айыл-чарба багытында эмес жерлерге зоналдык коэффициент салыгын киргизүү жөнүндө
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында айыл-чарба багытында эмес жерлерге зоналдык коэффициент салыгын киргизүү боюнча Суу-Башы айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси К. Акмталиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Суу-Башы айылдык Кеңештин VI чакырылышынын кезектсиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында айыл-чарба багытында эмес жерлерге зоналдык коэффициенти КЗ 1.0 өлчөмүндө киргизилсин.
2. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн салыктарды өз убагында жыйноону уюштуруу, пландарды аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык Кеңештин алдындагы бюджет жана экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Артыкбаев |