Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-марты № 7
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата бюджетин жана 2018-2019-жылдарга бюджетинин божомолун бекитүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджети жөнүндөгү айыл өкмөттүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Кочкорованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджети 11456.9 миң сом суммасында аткарылгандыгы белгиленсин жана финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Кочкорованын 2016-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 10718,2 миң сом суммасында бекитилсин .
3. Анын ичинен айыл өкмөттүн юридикалык жактан алынуучу жер салыгы 82,5 миң сом суммасында бекитилсин.
4. Айыл өкмөттүн аймагындагы физикалык жактан алынуучу жер салыгы 125,0 миң сом суммасында бекитилсин.
5. Транспорт ээлеринен алынуучу салыгы 339,3 миң сом суммасында бекитилсин.
6. Таштандыларды ташып чыгаруу салыгы 28,7 миң сом суммасында бекитилсин.
7. Айыл өкмөттүн кайра бөлүштүрүү фондуна караштуу жерлерден түшүүчү ижара акысы 371,3 миң сом суммасында бекитилсин.
8. Салык жана салык эмес жыйымдарынан түшүүчү жыйым 3072,0 миң сом суммасында бекитилсин.
9. Теңдештирүүчү гранттан түшүүчү киреше 6608.4 миң сом суммасында белгиленсин.
10. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2016-жылга жалпы бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн өзгөчө Кырдаалдар үчүн 100,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин. Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү № 1,2,3 тиркеменин негизинде жүргүзүлсүн.
11. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн бюджетинин божомолунун 2018-жылга чыгаша жана киреше бөлүгү 10929,0 миң сом ,2019-жылга чыгаша жана киреше бөлүгү 11380,5 миң сом өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттин божомолдуу проектиси бекитилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Кочкоровага жүктөлсүн.
Төрт-Гүл айылдык
Кеңешинин торагасы: М. Соорбаев
Руководитель аппарата Бишкекского городского Кеңеша депутатов | Ю. С. Шкуропатов |