Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-марты № 9
Чон-Кара айылынын жашоочусу Толобаев Амиракулду “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамына көрсөтүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чон-Кара айылынын жалпы элдик чогулушунун протоколунун жана айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эралиевдин сунушу боюнча депутаттар арасында кеңири талкуу жүрүп Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты жана коптогон сыйлыктардын ээси Чон-Кара айылынын жашоочусу Толобаев Амиракул “Кыргыз Республикасынын Баатыры” ардактуу наамына сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Ы.Касымовго жүктөлсүн.
Төрага | М. Соорбаев |