Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-марты № 10
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы жеке ветеринар тарабынан кызмат көрсөтүүдө акы төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы мал жандыктарга жеке ветеринардык кызмат көрсөтүүдө акы төлөмдөрүн бекитип берүү үчүн Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эралиевдин сунушун угуп жана талкуулап, Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал жандыктарга жеке ветеринардык кызмат көрсөткөндүгү үчүн прейскурант боюнча акы төлөмдөрү бекитилсин.
2. Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспекторуна жана жеке ветеринарга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага | М. Соорбаев |