Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-майы № 4
Кара-Булуң айылынын А. Искендеров мектебинин директорунун кайрылуусун карап талкуулап чыгып айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булуң айылынын эски мектептин корпусу бузулуп жарактуу материалдары А. Искендеров мектебинин кем карчына жумшалсын.
2. Кара-Булуң айылынын эски мектебинин корпусун бузуу жарактуу материалдарын пайдалануу жана баалоо үчүн төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
1. Б. Илиязов комиссиянын төрагасы
2. Токтобек К комиссиянын мүчөсү
3. М. Токтомушов
4. М. Айдаралиев
5. М. Казаков
6. А. Апысов
7. Б. Айыпов
8. И. Искендеров
9. Г. Токторова
10. С. Шаршенова
3. Түзүлгөн комиссия курамына эски мектептин корпусунун жарактуу материалдарын А. Искендеров мектебине пайдалануу, баалоо жана бузулган корпустун ордун ирээтке келтирип тазалоо жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Булуң айылынын А. Искендеров мектебинин директору М. Казаковго тапшырылсын.
Төрага | М. Карагулов |