Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 3
Жарандарга эс алуу шарттарын түзүү үчүн жер аянттарын бөлүү тууралу
Айыл аймактагы жарандардын бош убактыларын өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарын түзүү жана балдар, жаштар менен иштөө боюнча иш чараларды жүзөгө ашыруу боюнча жер аянттарын бөлүү жөнγндөгү маселени карап талкуулап айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймактагы жарандардын бош убактыларын өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарын түзүү жана балдар, жаштар менен иштөө боюнча иш чараларды жүзөгө ашыруу максатында айыл аймагынын муниципалдык менчикте турган клубдардын, маданий үйлөрдүн жанындагы бош аянттардан төмөндөгүдөй өлчөмдө жер аянттары бөлүнсүн
Эшперов айылы боюнча - 016,4га
Ак-Сай айылы боюнча - 09,37 га
Көк-Сай айылы боюнча - 09,3 га
Жер-Үй айылы боюнча - 0,48 га
2. Долбоордун эскиздик ПСДсын, ПСД, топосьемкасын ,АПШ жана корутундуларын алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И. Көөкөровго милдеттендирилсин.
3. Долбоорду ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн тех гранттан,жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары натыйжалуу сарпталышына көзөмөл жүргγзүү айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Турсунбаевге тапшырылсын.
Төрага | М. Конурбаев |