Редакцияот 11.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Болот Мамбетов айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 2-сессиясы

 

2016-жылдын 11-февралы № 2

Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитγγ жѳнγндѳ

Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР мыйзамынын, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө” КР мыйзамынын, КР Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде, ошондой эле Болот Мамбетов айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын жетекчиликке алуу менен

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Бул чечимге карата тиркемеге ылайык, Муниципалдык кызматтардын төмөнкү бир кошумча тизмеси бекитилсин:

-айыл аймагындагы жарандарга маалымат жеткизүү жана тейлөө кызматтарын жакшыртуу

2. Бул токтом мамлекеттик тилде айыл өкмөттүн маалыматтык баракчасында, маалымат такталарында жана райондук администрациянын Интернет тармагындагы расмий сайтында жарыялансын.

3. Бул токтом аны расмий жарыялагандан кийин күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Төрага

М.Т. Коңурбаев