Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 23-декабры № 625-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 203 Жарлыгы менен бекитилген 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 315-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатын ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттер планынын 6.4-пунктунда:
- "Чаралар/аракеттер" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бүтүрүүчүлөрү тийиштүү билим деңгээли жана квалификациясы жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документ ала турган светтик билимге жана диний компонентке ээ колледждин пилоттук моделин түзүү";
- "Күтүлүүчү натыйжалар/индикаторлор" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Окугандар сапаттуу светтик жана диний билим алышат. Колледждин бүтүрүүчүлөрү светтик жогорку кесиптик же диний багыттагы билим берүү уюмдарында окуганга мүмкүнчүлүк алышат".
Премьер-министр | Т. Сариев |