Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-январы № 2
«Тоң районун өнүктүрүү агентствосу” биргелешкен муниципалдык ишканасынын 18-январь 2016-ж № 2 катын карап талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Айыл өкмөтүндө муниципалдык менчикте турган LW500 FN маркасындагы автопогрузчик «Тоң районун өнүктүрүү агентствосу» биргелешкен муниципалдык ишканасына арендага берилсин.
2. ”Кумтөр” ишканасы тарабына сунушталган тарифтин негизинде, автопогрузчиктин көрсөткөн аренда акысынан тамактануу чыгымы, жатакана акы, айдоочулардын жана ишкананын кызматкерлеринин эмгек маяналары, автопогрузчикти запастык бөлүктөрү менен жабдуу (муктаждык болгон учурда) жана КР мыйзамдарына ылайык салык, социалдык төлөмдөрдү кармап калуу менен аренда акынын калган бөлүгү, жергиликтүү бюджетке которулсун.
3. Жергиликтүү бюджетке которулган акча каражаттары туура жана толугу менен түшүшүн көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнγн башкы бухгалтери А. Садыковага тапшырылсын.
Төрага | М. Конурбаев |