Загрузка документа…
КАРА–КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-сентябры № 17/7
Биймырза айылына курула турган «Балдар жана Ѳспγрγмдѳрдγн ден соолугун чындоо комплексин» курууга ѳздγк салымга Кара–Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн 2016-жылынын бюджетинен акча каражатын бѳлγп берγγ жѳнγндѳ
Биймырза айылына курула турган «Балдар жана Ѳспγрγмдѳрдγн ден соолугун чындоо комплексин» куруу максатында жазылган тγрткγ берγγчγ грантка жазылган долбоорунун маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Кара–Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Биймырза айылына курула турган «Балдар жана Ѳспγрγмдѳрдγн ден соолугун чындоо комплексин» курууга ѳздγк салым катары Кара–Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн 2016-жылынын бюджетинен 330 000 (γч жγз отуз мин) сом акча каражаты бѳлγнγп берилсин.
2. Биймырза айылына курула турган «Балдар жана Ѳспγрγмдѳрдγн ден соолугун чындоо комплексин» курууга Биймырза айылынын тургундарынын эсебинен элдик салым катары 330 000 (γч жγз отуз мин) сом белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Кара–Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн башчысынын милдетин аткаруучу А. Жороевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Абдыкадыров |