Загрузка документа…
КАРА–КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-ноябры № 18/1
Кара–Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн аймагында жайгашкан социалдык мекемелердин (мектептер , бала бакчалар, маданият γйлѳрγ ж.б.) 2015-2016-жылдарга кγз-кыш мезгилине карата даярдыктардын абалы жѳнγндѳ
Кара–Кулжа айылдык кеңешинин тѳрагасынын буйругунун негизинде тγзγлгѳн депутаттык убактылуу комиссиясы Кара–Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн аймагында жайгашкан социалдык мекемелердин (мектептер, бала бакчалар, маданият γйлѳрγ ж.б.) 2015-2016-жылдарга кγз–кыш мезгилине карата даярдыктардын абалын текшерγγ боюнча 2015-жылдын 22-октябрынан 24-октябрына чейинки текшерγγнγн негизинде убактылуу тγзγлгѳн комиссиянын тѳрайымы К. Эркебаеванын маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Кара–Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара–Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн аймагында жайгашкан социалдык мекемелердин (мектептер , бала бакчалар, маданият γйлѳрγ ж.б.) 2015-2016-жылдарга кγз–кыш мезгилине карата даярдыгы боюнча бир топ иш аракеттер менен кемчилдиктердин орун алгандыгы белгиленсин.
2. Кара–Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн аймагында жайгашкан А. Юсупов, Э. Осмонов, Б. Эшмамбетов атындагы орто мектептердин жана «Жоогазын», «Парчабу эне» балдар бакчаларында аталган билим берγγ мекемелердин жетекчилери тарабынан 2015-2016-жылдардын кγз-кыш айларына карата даярдык иштеринин жγрγшγ канааттандырарлык деп белгиленсин.
3. Токтогул, Субан уулу Алмас, Сайдилкановдун автордук мектеби жана Ормокеев атындагы орто мектептеринде 2015-2016-жылдардын кγз-кыш мезгилдерине карата даярдыктарды кѳрγγ боюнча мектеп жетекчилери тарабынан тѳмѳндѳгγдѳй кемчилдиктерге жол бергендиги кѳрсѳтγлсγн жана белгиленген кемчилдиктерди 2015-жылдын 10-ноябрына чейин тез арада жоюу жагы мектеп жана бала бакча жетекчилерине милдеттендирилсин.
Электр лимитинин γстγндѳ иш алып барылбагандыгы.
Мектепте мектеп жетекчили тарабынан кγз–кыш мезгилдерине карата даярдык кѳрγγ боюнча буйруктардын жоктугу жана иш чара тγзγлбѳгѳнγгγ:
Мектеп имаратынын жана класстык бѳлмѳлѳрдγн терезелеринин жылууланбагандыгы:
Мектептерде жылуулук системаларынын ѳз убагында оңдоп тγзѳѳдѳн жана системаларды атайын сыноодон ѳткѳрбѳгѳндγгγ:
4. Кара–Кулжа айыл ѳкмѳтγнѳ караштуу мекемелерди кѳмγр менен камсыз кылууда кѳмγрлѳрдγ сатып алуу боюнча тендерден уткан ЧП Батыров ишканасы тарабынан Токтогул, Субан уулу Алмас, А. Юсупов атындагы орто мектептерине жана «Салкын–Жээк», «Сейил», «Жоогазын» балдар бакчаларына тγшγрγлгѳн кѳмγрлѳрдγн сапаты начар экендиги жана 2015-жылдын 3-ноябрына чейин О. Сайдилканов атындагы гимназия мектебине, «Парчабу –Эне» балдар бакчасына, Сары –Камыш айылындагы «Бал-Кыял» балдар бакчасына кѳмγр тγшγрγлбѳгѳндγгγ белгиленип, Кара–Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн башчысынын милдетин аткаруучусу Жороев мектептерге жана бала бакчаларга тγшγрγлгѳн кѳмγрдγн сапатын кѳзѳмѳлдѳбѳгѳндγгγ жана жогоруда аталган мектеп, бала бакчаларга ѳз убагында кѳмγрдγ камсыз кылбагандыгы γчγн жоопкерчилик тартуу жагы белгиленсин.
5. 1-Май айылындагы маданият клубунун башчысы, айылдык китепкананын башчысынын иш ордунда текшерγγ мезгилдеринде болушпагандыгы жана 2015-2016-жылдардын кγз-кыш мезгилдерине карата даярдыктардын деңгээли тѳмѳн болгондугуна байланыштуу тиешелγγ жетекчилерге чара кѳрγγ жагы райондук маданият бѳлγмγнγн башчысы И. Турганбаевге тапшырылсын.
6. Кара–Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн башчысынын милдетин аткаруучусу Жороевге 2015-2016-жылдардын кγз-кыш айларына карата кѳрсѳтγлгѳн кемчилдиктерди тез арада жойу максатында депутаттардын Кара–Кулжа айылдык кеңешинин тиешелγγ туруктуу комиссиясы менен бирдикте ар бир мектеп, бала бакчаларга тиешелγγ акча каражатын бѳлγп берγγ жагы сунушталсын.
7. Кара–Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн аймагында жайгашкан социалдык мекемелердин тендерден уткан ишкана тарабынан кѳмγрдγн сапаттуу тγшγγсγн такай кѳзѳмѳлгѳ алуу, «Бакыт» балдар бакчасынын кышка даярдыгын, кѳмγрдγн тγшγγсγн камсыз кылуу, электрдик жылытуу системасы менен иштеген мекемелердин электр энергиясын кѳзѳмѳлдѳѳчγ органдар тарабынан лабораториядан отγγсγн камсыз кылуу жагы Кара–Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн башчысынын милдетин аткаруучусу Жороевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Абдыкадыров |