Загрузка документа…
КАРА–КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-ноябры № 18/2
«Жаштар тынчтык жолун тандайт» деген долбоордун алкагында, жаштардын жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан «Жаштардын иш аракет планын » бекитγγ
Кара–Кулжа айыл аймагынын жаштарынын кѳйгѳйлѳрγн чечγγ γчγн «Жаштар тынчтык жолун тандайт» деген долбоордун алкагында , жаштардын жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан «Жаштардын иш аракет планын» иш жγзγнѳ ашыруу боюнча «Кара–Кулжа» жаштар борборунун тѳрагасы Аматбек уулу Суймѳнкулдун маалыматын угуп жана талкуулап Кара–Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жаштар тынчтык жолун тандайт» долбоорунун алкагында иштелип чыккан Кара–Кулжа айылдык аймагынын Стратегиялык ѳнγгγγ планындагы, «Жаштардын иш аракет планы» бекитилсин.
2. «Жаштардын иш аракет планын» жγзѳгѳ ашыруу «Кара–Кулжа» жаштар борборуна жана координациялоо ишине жергиликтγγ кеңештин депутаты Тѳлѳн уулу Нурматка жγктѳлсγн.
3. «Жаштардын иш–аракет планын» ишке ашыруу боюнча сметасы жактырылсын жана 2016-жылдын жергиликтγγ бюджетинен акча болуу боюнча айылдык кеңештин «бюджет жана каржы комиссиясынын» тѳрагасы Б. Жээнбековго тапшырылсын.
4. «Жаштардын иш–аракет планын» ишке ашыруу зарыл болгон тиешелγγ иш кагаздарын даярдоо жана ѳздγк салымды камсыз кылуу жагы Кара–Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн башчысынын милдетин аткаруучу А. Жороевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык кеңештин «бюджет жана каржы комиссиясынын» тѳрагасы Б. Жээнбековго тапшырылсын.
Төрага | А. Абдыкадыров |