Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-июну № 117/XXXIII – 3
Мурунку “Улыбка” бала бакчасынын имаратын Кайыңды шаарынын мэриясынын балансына алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 26 – июлундагы № 478 токтомунун 9-беренесинин 6-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 41-беренесинин, 7-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 5,6-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык мүлк менчиги жөнүндө” мыйзамынын 47-беренесинин 6,7-пункттарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын негизинде, жана ошондой эле муниципалдык менчик боюнча департаментинин катын карап чыгып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы :
1. “Каыйңды кабель заводу” ачык акционердик коомунун балансында турган мурунку “Улыбка” бала бакчасынын имаратын Кайыңды шаарынын мэриясынын балансына алууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |