Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-июну № 119/XXXIII - 5
Т–40 АМ жана УТО–304 маркаларындагы тракторлорду аукциондон сатууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктунун, 19-беренесинин 7-пунктунун негизинде 1977-жылы чыгарылган Т-40АМ заводдук № 250760, маркасы Д144, № 605, кыймылдаткычынын көлөмү V=4150 см3, мамлекеттик номери 0756 TRSB жана 2006-жылы чыгарылган УТО-304, заводдук № 0610974, кыймылдаткычынын № 6083475, мамлекеттик номери 3789 TRKR тракторлорунун мэриянын пайдалануу муктаждыгынан чыккандыгына байланыштуу, алардын иштебей тургандыгын эске алып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
1. Т–40 АМ жана УТО–304 маркаларындагы тракторлорду аукциондон сатууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |