Загрузка документа…
ТОҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-январы № 1
Тоң айыл аймагында ченемдик укуктук актыларды мамлекеттик тилде кабыл алуу жѳнγндѳ
Тоң айыл аймагында жашаган калктын 99,6 %ы кыргыз улутунда калган 0,4 % калк мамлекеттик тилди ѳздѳштγрѳ тургандыгын эске алып, Тоң айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тоң айыл аймагында ченемдик укуктук актылар мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 08.12.2009-ж. № 743 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жγргγзγγ тартиби жѳнγндѳ» Жобого ылайык Ысык-Кѳл областтык юстиция башкармалыгынан эске алынсын.
3. Токтомду аткарууга алуу жагы Тоң айыл аймагынын айыл ѳкмѳтγнγн жооптуу катчысы Э. Чурековага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнγ жеке ѳзγмѳ калтырамын.
Төрайым | А. Макешева |