Загрузка документа…
ТОҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-декабры № 20
Тоң айыл аймагына тиешелγγ 11 га жер тилкесин Кγн-Чыгыш айыл аймагынын балансына ѳткѳрγп берγγ жѳнγндѳ
Тоң айыл аймагына тиешелγγ трансформацияланган 11 га жер тилкеси Бѳкѳнбаев айылына кошулуп, системалык каттоодон ѳтγп инвентаризациялангандыгы тууралуу Кγн-Чыгыш айыл аймагынын айыл ѳкмѳтγнγн каты менен таанышып жана талкуулап Тоң айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бѳкѳнбаев айылы менен Тоң айылынын чектешкен жеринде жайгашкан Тоң айыл аймагына тиешелγγ трансформацияланган 11 га жер тилкеси Бѳкѳнбаев айылына кошулуп, каттоодон ѳтγп инвентаризациялангандыгына байланыштуу Кγн-Чыгыш айыл аймагына ѳткѳрγлγп берилсин.
2. Аталган жер тилкесинде жашап жаткан жарандар 2016-жылдын 1-январынан баштап, Тоң айыл аймагынын айыл ѳкмѳтγнγн каттосунан чыгарылып, Кγн-Чыгыш айыл аймагынын айыл ѳкмѳтγнѳ каттоого алынсын.
3. Тоң айыл аймагына тиешелγγ трансформацияланган 11га жер тилкеси Кγн-Чыгыш айыл аймагына ѳткѳрγлγп берилгендигине байланыштуу огород салыгынын жана ѳз ара салыктын кѳлѳмγ ѳзгѳргѳндγгγ эске алынсын.
4. Токтомду аткарууга алуу жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Тоң айыл аймагынын айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
Төрайым | А. Макешева |