Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-ноябры № 7
Токтомдордун мамлекеттик тилде чыгарылышы жѳнγндѳ
Айыл аймактагы жашаган жарандардын баардыгы мамлекеттик тилде билгендигине байланыштуу жана мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Болот Мамбетов айыл аймакта жашаган адамдардын баардыгы мамлекеттик тилди билгендигине байланыштуу айылдык кеңештен кабыл алынып чыгарылып жаткан токтомдор мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтом массалык маалымат каражатына жарыялансын жана ченемдик укуктук актлардын мамлекеттик реестрине киргизγγ γчγн юстиция органына жиберилсин.
Төрага | М. Конурбаев |