Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-апрели № 16-2
«Марказ айыл ѳкмѳтγнγн Марказ айылындагы ооруукананын абалын кароо жѳнγндѳ райондук санэпидкѳзѳмѳл борборунан келген № 23 санитардык кѳрсѳтмѳнγ жана Марказ айылынын тургундарынын арызын карап чыгуу жѳнγндѳ»
Марказ айыл ѳкмѳтγнγн Марказ айылындагы ооруукананын абалын кароо жѳнγндѳ райондук санэпидкѳзѳмѳл борборунан келген № 23 санитардык кѳрсѳтмѳнγ жана Марказ айылынын тургундарынын арызын ошондой эле саламаттыкты сактоо, билим берγγ маданий ѳнγгγγ боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралган протоколун карап талкуулап чыгып Марказ айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Марказ айыл ѳкмѳтγнγн Марказ айылындагы № 17 γй-бγлѳѳлγк дарыгерлер тобу № 18 γй-бγлѳѳлγк дарыгерлер тобунун имааратына кѳчγрγлсγн.
2. Ушул токтомду колдоп берγγ жагы райондук γй-бγлѳѳлγк даарыгерлер борборунан суралсын.
3.Ушул токтомду аткаруу жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Марказ айыл ѳкмѳтγнγн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бегалиев |