Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-декабры № 19/1
«Келечек-1» балдар бакчасынын кошумча курулушу боюнча аткарылган иштерди карап чыгуу жѳнγндѳ
«Келечек-1» балдар бакчасынын кошумча курулушу боюнча аткарылган иштерди карап чыгуу жѳнγндѳгγ маселени карап талкуулап чыгып Марказ айыл кеңеши тѳмѳнкγдѳй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Марказ айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы «Келечек-1» балдар бакчасына кошумча курулушунда кетирилген кемчилдиктер 2016-жылдын январь айына чейин калыбына келтирγγ жагы балдар бакчасынын жетекчиси Д. Баймырзаевга милдеттендирилсин.
2. Ата-энелерден тγшкѳн акча каражаттарын мыйзамдаштыруу жагы ФЭБ башчысы М. Исажановко милдеттендирилсин.
3. «Келечек-1» балдар бакчасынын мγдγрγ Д. Баймырзаевага кетирилген кемчилдиктери γчγн эскертγγ берилсин.
Төрага | А. Бегалиев |