Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-марты № 49
“Александровка айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2015-жылдын бюджетинин бекитилиши жана 2016-2017 жылдарга орточо маалымат берүү жөнүндө”
Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Д. Ибраимованын “Александровка айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын бюджетинин аткарылышы жана бюджетти 2015-жылга бекитүү жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап Александровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Александровка айыл өкмөтү тарабынан 2015-жылга берилген чыгаша боюнча бюджети 16536,6 миң сомго бекитилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 2015-жылга төмөнкү киреше булактарынан түзүлөөрү аныкталсын:
киреше салыгы 2920,0
бирдиктүү салык 190,0
ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык 3145,5
кыймылсыз мүлктүн салыгы 360,0
автоунаалардын салыгы 3550,0
короо жанындагы жерлердин жер салыгы 262,4
айыл чарбага дайындалган жерлердин жер салыгы 1809,6
айыл чарбага дайындалбаган жерлердин салыгы 470,0
сатуудан түшкөн салык 1900,0
роялтиге салык 45,0
кендердин чыккан жерин иштеп чыгууга же кендердин акысы 0,0
жерлерди бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин ижарасына акы 1050,0
бөлмөлөрдүн ижарасынын акысы 293,0
калктуу жерлердин ижарасынын акысы 30,0
таштандыларды чогултуу жана чыгаруу 5,5
автоунааларды токтотуп коюу 14,0
юстиция органдары тарабынан алынуучу салык 417,6
административдик айыптар 54,0
жерлерди сатуу 20,0
теңдештирүүчү гранттар
бардык кирешелер 16536,6
3. Жергиликтүү бюджеттен учурдагы чыгашаларды каржылоого каражаттарды бюджеттик классификациясынын негизги топторуна 2015 жылга бекитилсин:
Жалпы багыттагы мамлекеттик тейлөөлөр 4307,0
Турак жай коммуналдык чарбасы 4012,3
Айыл чарба 80,0
Китепкана 221,1
Маданият үйү 318,2
Маданият боюнча башка иш-чаралар 550,0
Социалдык коргоо 790,0
Жарандык коргоо 64,0
Орто мектептер 6194,0
Бардык чыгашалар 16536,6
4. Бюджеттик укуктун принциптеринин негиздери жөнүндөгү Мыйзамга ылайык жаңы жылдын башында кассалык жүгүртмө накталай акча бекитилсин:
Жалпы багыттагы мамлекеттик тейлөөлөр 165,3 миң сом өлчөмүндө.
5. Александровка айыл өкмөтүнүн 2015 жылга штаттык бирдиги бекитилсин (штаттык бирдиги тиркелди: жумуштагы муктаждыкка байланыштуу техникалык тейлөө кызматчылары-1, кенже тейлөө кызматчылары-2) - турак жай коммуналдык чарбасы:
Көрүстөн кароолчулары-2 адам, бала бакча кароолчулары-2 адам, өрт өчүрүүчүлөрү-3 адам; Китепкана: Александровка айылынын китепканасынын башчысы-1 адам, техничка-1 адам (0,25), Беш-Көрүк айылынын китепканасынын башчысы-1 адам, техничка-1 адам (0,25); Маданият үйүнө: Маданият үйүнүн мүдүрү-1 адам, көркөм жетекчи-1 адам, техничка (0,5), кароолчу-1 адам. Көркөм жетекчинин (ансамбль “Чинь-Инь) эмгек акысы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 адамга 4000 (төрт миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Александровка айыл аймагынын А. Арбуду атындагы орто мектебинин от жагылуучу бөлмөсүн оңдоо үчүн 700,0 миң сом, Крупский айылындагы Октябрь орто мектебине-700,0 миң сом, Я. Шиваза атындагы орто мектебинин дааратканасынын курулушун аяктоого-89,4 миң сом, А. Арбуду, Я. Шиваза орто мектептеринин мѳрлѳрγн алмаштырууга 636,2 миң сом акча каражаты бөлүнсүн. А. Исмаев атындагы орто мектебинин капиталдык оңдоо долбоорун каржылоого 346,2 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
7. “Александровка” үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун лабораториясы жана процедура кабинетин капиталдык оңдоо үчүн 217,0 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
Я. Шиваза атындагы көчөсүн капиталдык оңдоого 1178,2 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
8. Беш-Көрүк айылындагы ФАПтын имаратын капиталдык оңдоо үчүн 500,0 миң сом бөлүнсүн.
9. Кыш мезгилинде орто мектептерди, айыл өкмөтүнө көмүрдү даярдоого 2 млн.800,0 миң сом бөлүнсүн.
10. Айыл өкмөтү үчүн алынган автоунаанын ижарасына 180,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнсүн.
11. Спорттук иш-чараларга 300,0 миң сом, маданият боюнча иш-чараларга 200,0 миң сом бөлүнсүн. Маданият үйүнүн концерттик иш-чараларына 50,0 миң сом бөлүнсүн.
12. Калкты социалдык жактан коргоо үчүн 790,0 миң сом акча каражаты бөлүнсүн (Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагерине 60,0 миң сом, көп жашаган адамга 40,0 миң сом).
13. Айылдык кеңешке “2015жылга жергиликтүү бюджет жөнүндө”айылдык кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укук берилсин. Айыл өкмөтүнүн администрациясы чыгаша беренелерине акча каражаттарын жылдыруу, ошондой эле айыл өкмөтүнүн аппаратын майрамдарга карата сыйлоо жана айыл чарба продукциясын сатып алууга, коммуналдык тейлөөлөргө материалдык жардам көрсөтүү боюнча айылдык кеңешине сунуш киргизүүгө укук берилсин.
14. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Д. Ибраимовага жүктөлсүн.
Төрага | Ш.И. Ягузов |