Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-марты № 52
Айыл чарба жерлерин колдонуунун жер салыгынын ченин 2015-жылга бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктунун негизинде жана ага ылайык, жергиликтүү кеңештер айыл чарба жерлерин колдонуунун жер салыгынын базалык ченин жер кыртышынын баллынын эсеби менен көтөрүүгө акылары бар, күч жеткис учурлардан башка, бир календардык жылдын ичинде бир жолудан көп эмес жана үч жолудан аз эмес.
Александровка айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси М.И. Ягузанын маалыматын угуп, Александровка айыл аймагынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Александровка айыл аймагы боюнча айыл чарба жерлерин колдонуунун жер салыгынын чени бекитилсин:
Сугат айдоо жерлер | Кайрак айдоо жерлер | Көп жылдык өсүмдүктөр | Чөп чабуу |
415,21 | 82,69 | 246,66 | 38,2 |
2. Жер салыгынын ченине инфляциянын 1,04 коэффициенти колдонулсун (сом/га)
Сугат айдоо жерлер | Кайрак айдоо жерлер | Көп жылдык өсүмдүктөр | Чөп чабуу |
415,21х1,04=431,8 | 82,69х1,04=85,99 | 246,66х1,04=256,52 | 38,2х1,04=39,7 |
3. Бул чечим Москва району боюнча мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгына жеткирилип, жергиликтүү гезиттерге жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү пландык-бюджеттик, социалдык мыйзамдуулук жана этика боюнча комиссиянын төрагасы М.Ю. Давузовго жүктөлсүн.
Төрага | Ш.И. Ягузов |