Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-майы № 56
“Бюджеттин киреше бөлүгү жөнүндө”
Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Д. Ибраимованын “Бюджеттин киреше бөлүгү, кирешеге жараша алынуучу салыгынын планын аткарууну мүмкүн эместигин, анткени бул салыктын түрү аныкталбаган, айлык акынын чыныгы төлөнгөн суммасынан көз каранды жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап, Александровка айыл аймагынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кирешеге жараша алынуучу салык - 700,0 өлчөмүндө азайтылсын.
2. Бюджеттин чыгаша бөлүгү 70111 (аткаруу жана мыйзамдаштыруу органдары) бөлүгүнөн 2213-беренесине ижара акысы (22131300 автоунаалардын ижарасы) 150,0 өлчөмүндө азайтылсын.
3. Бюджеттин чыгаша бөлүгү 70629 бөлүгүнөн (Башка турак-жай жана коммуналдык тейлөөлөр) 3111-беренесине имараттар жана курулуштар (31113320 жолдорду капиталдык оңдоо) 550,0 өлчөмүндө азайтылсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Д. Ибраимовага жүктөлсүн.
Төрага | Ш.И. Ягузов |