Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-октябры № 64
“Бөлүнгөн акча каражатын жылдыруу жөнүндө”
Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Д. Ибраимованын “2015-жылдын 20-июлундагы № 21 келишимине ылайык, таш көмүр сатып алуу үчүн насыяларды жылдыруу муктаждыгы жөнүндө маалыматын угуп (көмүрдү жеткирүү мөөнөтү 2015-жылдын 1-августунан 2015-жылдын 1-октябрына чейин) Александровка айыл аймагынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Башка турак-жай жана коммуналдык тейлөөлөр” 70629 бөлүмүнөн 2015-жылдын III-кварталынан IV-кварталына 3111-беренесине (имараттар жана курулуштар) 1716,7 (бир миллион жети жүз он алты миң жети ) сомго бөлүнгөн акча каражаты жылдырылсын.
2. 70921 бөлүмүнөн (орто билим) 2224-беренесине (таш көмүр сатып алуу) 2015-жылдын IV-кварталынан III-кварталына 1716,7 (бир миллион жети жүз он алты миң) сом бөлүнгөн акча каражаты жылдырылсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Сушанлого жүктөлсүн.
Төрага | Ш.И. Ягузов |