Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-октябры № 66
“Александровка айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетине үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлорду каржылоого каражаттарды салуу жөнүндө”
Александровка айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдеттерин аткаруучу А.Д. Ибраимованын “Александровка айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетине үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлорду каржылоого каражаттарды салуу жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап, Александровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын айыл өкмөтүнүн каржылануучу долбоорлорун караштырсын:
- “Гимназиялык класстары менен А. Арбуду атындагы Александровка орто мектебинин терезелерин алмаштыруу” 3111 беренесинен “Имараттарды жана курулуштарды капиталдык ондоо” - 727,0 сом.
“Я.Шиваза атындагы Александровка орто мектебинин терезелерин алмаштыруу” 3111 беренесинен “Имараттарды жана курулуштарды капиталдык оңдоо” - 585,6 сом.
2. Долбооорлорду жактыргандан кийин:
- “Гимназиялык класстары менен А.Арбуду атындагы орто мектебинин терезелерин алмаштыруу”
- “Я. Шиваза атындагы орто мектебинин терезелерин алмаштыруу”
2016-жылга Александровка айыл өкмөтүнүн бюджетинин сметасынан “Имараттарды жана курулуштарды капиталдык оңдоо” - 1312600 (бир миллион үч жүз он эки миң алты жүз) сом долбоорлоду каржылоого бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү пландык-бюджеттик туруктуу комиссиянын төрагасы М.Ю. Давузовго жүктөлсүн.
Төрага | Ш.И. Ягузов |