Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-декабры № 68
“Кыргыз Республикасын газ менен камсыз кылуу жана газдаштыруу жерлерин куруу долбооруна каралган чектөөлөрдү, Москва районунун Александровка айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан жер тилкелерин убактылуу пайдаланууга берүүгө алдын ала макулдашуу жөнүндө”
“Газпром промгаз” ААК 2015-жылдын 26-июнундагы № 97 катын карап чыгып жана талкуулап, Чүй облусунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ыйгарымдуу Өкүлүнүн биринчи орун басарында 2015-жылдын 9-июнундагы отурумунун № 20-протоколунун 3-пунктун жетектеп, Александровка айыл өкмөтүнүн адиси Д.Ю. Хиязовду угуп, Александровка айыл аймагынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Газпром промгаз” ААК Москва районунун Александровка айыл аймагында жайгашкан чегиндеги курулуш долбоорунда каралган жерлерди 3 жылга убактылуу пайдаланууга берүүгө алдын ала макулдаштырсын.
№п/п | Долбоорлонгон объектилердин орун алган жерлери | Долбоорлонгон объектилердин аталышы | Талап кылынган жер участкалары, га |
1. | Москва району, Александровка айыл аймагы | “Бухара-Ташкент-Бишкек-Алматы” газды жүргүзүүчү түтүктөрүнүн магистралдык курулушу, I-кезекте 1001-1113 км | 14, 8434 га |
Төрага | Ш.И. Ягузов |