Редакцияот 28.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Александровка айыл аймагынын кеңешинин сессиясынын XXVI чакырылышы

 

2015-жылдын 28-декабры № 69

«Александровка айыл аймагынын калк жайгашкан жерлеринде үйдүн жанындагы участокторго жана айыл чарба багытында колдонулбаган жерлерден жер салыгынын эсептөөгө зоналык коэффициентти К-3 бекитүү жөнүндө”

Александровка айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси М.И. Ягузанын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө Мыйзамынын 3-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык жана ага байланыштуу калк жайгашкан жана айыл чарба багытында колдонулбаган жерлердин жер салыгын эсептөөгө зоналык коэффициенти зарыл. Александровка айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Александровка айыл аймагынын калк жайгашкан жерлеринде үй алдындагы жана багбанчылык жер участкаларын колдонгон өлчөмүнүн зоналдык коэффициентинин (К-3) мааниси белгиленсин:

- Александровка айылы - 1,0

- Беш-Көрүк айылы - 1,0

- Крупский айылы - 1,0.

2. Александровка айыл аймагынын калк жайгашкан жерлеринде айыл чарба багытында колдонулбаган жерлерди колдонгон өлчөмүнүн зоналдык коэффициентинин (К-3) мааниси белгиленсин:

- Александровка айылы -1,2

- Беш-Көрүк айылы - 0,9

- Крупский айылы -1,1.

3. Салык бөлүмүнүн адистери күнүмдүк жумушта берилген коэффициентти жетектөөсүн сунуш кылсын.

4. Буюрманын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү пландык-бюджеттик жана социалдык мыйзамдуулук боюнча комиссиянын төрагасы М.Ю. Давузовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Ш.И. Ягузов