Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-февралы № 23/2
Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин аткарылышы 2016-жылдын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2017-2018-жылдарга бюджеттин болжолдуу планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Ѳз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 3-пунктуна ылайык Талды-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2015-жылга кирешелер боюнча бекитилген планы 12 107 700 миң сомго такталган киреше бөлүгүнүн планы 30 109 200 миң сомго киреше бөлүгүнүн аткарылгандыгы, чыгашалар боюнча 29 115 056 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Талды-Суу айыл өкмөтунүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгү 11 444 700 миң сомго бекитилсин.
3. Талды-Суу айыл өкмөтүнүн админстративдик имаратын куруу үчүн кошумча аткарган ишине жана айланасын тосуу үчүн (ограждение) акча каражаты бөлүнүп сметага бекитилип берилсин.
4. Арча-Булак айылына 2 тайпа 60 балага ылайыкташкан бала бакча куруу үчүн акча каражаты бөлүнүп сметага бекитилип берилсин.
5. Талды-Суу айылындагы маданият үйүн жана китепкананы капиталдык ремонт кылуу үчүн акча каражаты бөлүнүп сметага бекитилип берилсин.
6. Талды-Суу жана Арча-Булак айылдарынын генералдык планын чийүүгө акча каражаты бөлүнүп сметага бекитилип берилсин.
7. Айыл өкмөттүн Арча-Булак айылына 1 штат бирдигине айыл башчы жана айыл өкмөтүнө 1 штат бирдигинде ВУС инспектору штаттык расписаниесине бекитилип берилсин.
8. Каралган бюджетти смета боюнча өз убагында аткарылышын камсыздоо жана көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жана айыл өкмөттүн каржы бөлүмүнүн башчысы А. Эргешовго милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Абдраманов |