ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талды-Суу айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXIII заседаниеси
2016-жылдын 18-февралы № 23/5
Талды-Суу айылынын тургуну Суранчиева Буруш Сапарбаевнанын ижарага алган жерин кайтарып алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 367-беренесинин негизинде Талды-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суранчиева Буруш Сапарбаевнанын 2015-жылдын 15-апрелинде келишими боюнча ижарага алган 30 га жерди келишимдин 5-бөлүмүнүн а, б, г, д, е, ж - бөлүмчөлөрүн же болбосо
А - жер участкасын ижара келишиминин шарттарын орчунду бузуу менен пайдалануу.
Б - жер участкасын максатына ылайык пайдаланбоо.
Г - келишимде белгиленген төлөө мөөнөтүндө ижара акысын төлөбө.
Д - жердин кыртышын асылдуулугун орчундуу начарлатуу.
Е - ижарага берүүчүнүн келишимдин шарттарын аткарбоосу.
Ж - конкурстун шарттарына ылайык жер участкасын жакшыртуу боюнча милдетемемелерди аткарбаса келишимдин шарттарын одоно бузгандыгы үчун келишимдин күчүн жокко чыгарып жер айыл өкмөтүнө кайтарылып алынсын.
2. Суранчиева Буруш Сапарбаевнага Кытай Республикасы тарабынан төлөнүп берилген компенсацияны айыл өкмөтүнүн эсебине кайтарып төгүп берүү жана келишимде көрсөтүлгөн 1 жылдык 24 (жыйырма төрт) миң сом ижара акыны айыл өкмөткө төгүп берүү жагы С.Б. Суранчиевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер адис Т. Кадыровго жана салык кызматкери Д. Кеңешовго тапшырылсын.
Төрага | Б. Абдраманов |