ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талды-Суу айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXIII заседаниеси
2016-жылдын 13-июну № 24/1
2014-2015-жылдарга Талды-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2016-жылдын 31-майындагы чыгыш № 01-08/119-сандуу катынын негизинде
"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын 21-мыйзамынын негизинде Талды-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. .Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсеп-учет иштери жергиликтүү кеңеште каралып, киреше чыгаша отчеттору бекитилип, аткарылышы боюнча маалымат берүү жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Б. Доорбековго жүктөлсүн.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсеп-учет иштери боюнча кетирген кемчилдиги үчүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Б. Доорбековго эскертүү берилсин.
3. Тендердик комиссиянын төрагасы Т. Кадыровго кетирген кемчилдиктери үчүн эскертүү берилсин.
4. Балансага алынбай калган 2917,9 миң сом 2016-жылдын 2-кварталында финансалык отчетко кириштелип баланска алуу жагы Каржы үнөмдөө бөлүмүнүн башчысы А. Эргешовго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талды-Суу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Абдраманов |