ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
Талды-Суу айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXIII заседаниеси
2016-жылдын 13-июну № 24/2
Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-2018-2019-жылдарга бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 3-пунктуна ылайык Талды-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жылга киреше жана чыгаша бөлүгү 10589,7 миң сом акча каражаттын түзгөн жергиликтүү бюджеттин долбоору бекитилсин.
2. Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жылга киреше жана чыгаша бөлүгү 10337,7 миң сомго жана 2019-жылга киреше чыгаша бөлүгү 10365,7 миң сомду түзгөн жергиликтүү бюджеттин долбоору бекитилсин.
3. Талды-Суу айыл өкмөтүнүн атайын каражатынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоору 2017-жылга 81,0 миң сомго, 2018-жылга 156,0 миң сомго 2019-жылга 156,0 миң сомго бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талды-Суу айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Абдраманов |