ГYЛЧѲ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезексиз 29-заседаниеси
2016-жылдын 12-апрели № 29/3
Гүлчө айылынын Ленин көчөсүнүн тургуну Парпиева Саадаттын өзүнүн берген арызынын негизинде жеке менчигиндеги жер аянтына мечит куруп айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине алуу жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А. Аттокуровдун билдирүүсүн угуп жана талкулоонун жана Ленин көчөсүнүн тургуну Парпиева Саадаттын жеке менчик жерине мечит куруп аны айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине алуу жөнүндөгү билдирүүнү угуп, талкуулап жана мечит ээсинин жазган арызынын ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылынын Ленин көчөсүнүн тургуну Парпиева Саадаттын арызынын негизинде анын жеке менчигине таандык мечит куруу үчүн жер аянты мыйзам чегинде Гүлчө айыл өкмөтүнүн менчигине кабыл алынсын.
2. Тиешелүү документтерин мыйзам чегинде өткөрүп алуу жана аны айыл өкмөтүнө кириштөө жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С. Каришовго милдеттендирилсин.
3. Өзүнүн жеке каражаты менен ушул мечитти элди жана жаштарды ыйманга чакыруу, айылда адептүү ыймандуу жаштардын тарбияланышына шарт түзүү максатында салып жана аны өз каалоосу менен Гүлчө айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүп берип жаткандыгына баа берүү боюнча Парпиева Саадатка терең ыраазычылык билдирүү менен айыл өкмөтү менен айылдык кеңештин биргелешкен ыраазычылык каты берилсин.
4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Жапанов |