Загрузка документа…
ГYЛЧѲ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-июну № 30/1
Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык балдар бакчаларында балдарга ысык тамак-аштын берилишинин абалы жөнүдө
Гүлчө айылдык кеңешинин саламаттыкты сактоо, агартуу, маданий, аялдар, жаштар, үй-бүлөө жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкулоонун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык балдар бакчаларында тарбияланып жаткан балдарга берилген ысык тамактарынын талапка ылайык берилип жаткандыгы белгиленсин.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында балдарга берилген тамак аш сметага ылайык берилгендиги жана тамак жасоочу продуктулар жаңы талапка жооп бере тургандыгы эске алынсын.
3. Балдар бакчаларда балдарга тамак ашты берүүдө тамак жасоочу жайлар, тамак берүүчү идиштер санитардык талаптарга жооп бергендиги белгиленсин.
4. Бардык бала бакчалардын балдарга сапаттуу, азыктуулугу жогору тамактарды берүү жагы бала бакчаларынын жетекчилерине милдеттендирилсин.
5. Бала бакчаларда берилүүчү тамактардын сапаттуулугун жана сметага ылайык берилишин көзөмөлдөп туруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М. Тажиковага айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С. Каришовго тапшырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин саламаттыкты сактоо, агартуу, маданий, аялдар, жаштар, үй-бүлөө жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
7. Тендерден ѳткѳн адамдардын продуктуларды алып келип бергендерин ѳткѳрγп алуу бала бакча директорлоруна ал эми кѳзѳмѳлдѳѳ тендердик комиссиянын тѳрагасына милдеттендирилсин жана кийинки тендерлик комиссияга Н. Самиев менен Т. Белекбаев киргизилсин.
Төрага | Ш. Жапанов |